super.kg logo

Испания менен Израилдин ортосунда дипломатиялык чыңалуу жаралды

 

Испания Израилге каршы катаал чараларды сунуштады. Бул эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык чыңалууга себеп болгонун чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Брюсселде өткөн жыйында Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдөн "Израил менен болгон өнөктөштүк келишимди токтотууну" талап кылды.

Муну Израил катуу сындады. Мадриддеги Израил элчилиги бул сунушту "адеп-ахлакка туура келбейт" деп атады жана Испанияны "тарыхтын туура эмес тарабында турат" деп айыптады.

Бул билдирүүгө дароо жооп кайтарган Испаниянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин убактылуу өкүлү Дэн Поразды чакырып, мындай билдирүүлөр кабыл алынгыс экенин айтты.

2024-жылдын май айында Испания Палестина мамлекетин расмий түрдө тааныган. Ушул себептен Израил Мадриддеги элчисин чакыртып алган жана азыр Испанияда толук кандуу элчи жок, убактылуу өкүл гана бар.

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес 23-июнда Евросоюздун министрлерине төмөнкү сунуштарды айткан:

  • Израил менен келишимди токтотуу,
  • Израилге курал сатууга тыюу салуу (эмбарго),
  • Израилдик жооптуу адамдарга жеке санкцияларды киргизүү.

Бул кырдаал Испания менен Израилдин мамилесин олуттуу түрдө курчутууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: