super.kg logo

2500 имам, умрага 2 жолдомо жана келечекке болгон салым — Ислам таануудан жалпы элдик сынактын жыйынтыгы

 

Кыргызстандын бардык аймактарынан имамдар катышкан ири сынактын жыйынтыгы:

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан MIslamic кызматын сунуштаган MBANK жана “Дарак” басма үйү менен биргеликте уюштурулган жалпы республикалык сынак өз жыйынтыгына жетти. Бул ири масштабдагы иш-чара өлкө боюнча 2 500дөн ашуун имам менен алардын орун басарларын бириктирип, диний жана каржылык сабаттуулукту бекемдөөгө чоң салым кошту. Сынактын негизги максаты — руханий лидерлердин ислам финансы боюнча билимин тереңдетүү жана бул түшүнүктү эл арасына жайылтуу.

Финансы сабаттуулукту жана Фикхны билүүгө экзамен

Сынак жаз айларында башталып, катышуучуларга эки маанилүү китеп — «Мухтасар аль-Викоя» (фикх боюнча кыскача колдонмо) жана Тажидин Эшанкуловдун «Ислам банкинги» аттуу эмгеги таратылды. Бул материалдар 21-июнда өткөрүлгөн жалпы экзаменге даярданууга негиз болду. Имамдар ханафий мазхабынын фикхи боюнча терең билимдерин көрсөтүп, ислам банкингинин негиздерин практика менен айкалыштырып беришти.

Жеңүүчүлөргө — Умра жана акчалай сыйлыктар

Сынактын жеңүүчүлөрү 25-июнда Кыргыз Улуттук “Манас” театрында өткөн салтанаттуу аземде сыйланды. Баш байге — 2 умра сапары — эң жогорку балл алган мыкты имамдарга тапшырылды. Мындан тышкары, ар бир облустан жана Бишкек шаарынан 1-, 2-, 3-орунду ээлегендер акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 570 000 сомду түзүп, ал толугу менен MBANKтын MIslamic кызматы тарабынан каржыланды.

Бул эмне үчүн маанилүү

Бул демилге — MIslamic’тин ислам банкингин өнүктүрүү жана аны шариятка ылайык жүргүзүүгө арналган багытын айкын көрсөттү. MIslamic’тин бардык продуктылары атайын шариат экспертизасынан өтүп, каржы менен динди айкалыштырган адилеттүү жана ачык системаны сунуштайт.

Сынактын жыйынтыгында миңдеген имамдар өз билимдерин жаңылап, коомчулукка ислам финансы тууралуу түшүндүрмө берип, элдин ишенимине жооп берген чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзүштү.

MBANKтан MIslamic — Исламдык санарип!
КРУБ №014 лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: