super.kg logo

Японияда "Twitter киши өлтүрүүчүсү" делген Такахиро дарга асылды

 

Японияда социалдык тармак аркылуу таанышкан 9 адамды өлтүрүп, жиликтеп салганы үчүн "Twitter киши өлтүрүүчүсү" деп аталган Шираиши Такахиро дарга асылды. Бул тууралуу япон басылмалары жазышты.

Шираиши Такахиро 2017-жылы Токиодогу батиринен 8 аялдын жана 1 эркектин дене бөлүктөрү муздаткычтан табылгандан кийин кармалган. Ал социалдык тармак - Twitter (X) аркылуу таанышкан адамдарды өлтүрүп жүргөн. 2020-жылы сот аны өлүм жазасына тарткан.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Шираиши жакын адамдары менен байланышып, жардам берем деп ишендирип, аларды үйүнө чакырган. Андан кийин аларды өлтүрүп, денелерин бөлүктөргө бөлүп салган.

Шираиши Токио кармоо борборунда жашыруун түрдө дарга асылганы айтылат. Бирок анын өлүм жазасы коомчулукка эми жарыяланды.

Бул - Японияда 2022-жылдын июль айынан бери аткарылган алгачкы өлүм жазасы болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: