Европа биримдиги Израил боюнча чечимди кийинки айда кабыл алат
Европа биримдигинин кеңешинин төрагасы Антониу Кошта Израил Газа тилкесиндеги эл аралык укукту жана Евробиримдик менен болгон өнөктөштүк макулдашуусунун шарттарын бузууда деп белгилеп, кийинки айда Тышкы иштер министрлеринин жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынышы керек экенин айтты. Бул тууралуу ал Брюсселдеги саммиттен кийин айткандыгын чет элдик басылмалар билдиришти.
"Израил биздин досубуз, бирок достор менен ачык жана чынчыл болуу керек. Телеканалдардан көргөндөрдү жана маалымат каражаттарында жазылгандарды эч ким көз жаздымда калтыра албайт. Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалды кабыл алууга мүмкүн эмес",- деди Кошта.
Ал Израил Евробиримдик менен өнөктөштүк макулдашуусунун адам укуктары жана эл аралык укукту сактоо тууралуу 2-беренесин бузганы иликтөөлөрдө так аныкталганын белгилейт. Израил Газада адам укуктарын системдүү түрдө бузганын кошумчалады.
Коштанын айтымында, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кайя Калласка 15-июлда өтө турган жыйында тийиштүү чечим кабыл алуу тапшырмасы берилди.
Ошону менен бирге Израил менен диалог улана берерин, бирок ал өлкө ок атышууну токтотушу, гуманитардык жардамга жол ачышы, адам укуктарын сыйлоосу жана басып алынган Палестина аймагындагы мыйзамсыз конуш курууну токтотушу керек экенин айтты.

