Өлкөдө 189 абитуриентке ЖРТ сертификаты берилбейт. Себеби
Жалпы республикалык тестирлөөнүн 189 катышуучусу сертификат албайт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Анын айтымында, жогоруда айтылган абитуриенттер кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерүү боюнча сынакка катышкан эмес. Ал бул боюнча Агартуу министрлигинин буйругу бар экендигин айтып, эскертүүлөр да берилгенин билдирди.
"Тесттин жыйынтыгы кабыл алуу боюнча сынакка таасирин тийгизбейт, бирок алар абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо үчүн маанилүү. Быйыл массалык маалымат каражаттарынан, Билим берүү министрлигинин сайтынан бир нече жолу эскертүү, билдирүүлөр айтылганы менен кыргыз тили боюнча сынакка катышпагандар көп болду. Бул кадам алар ЖРТ сертификатын алышпайт дегенди билдирет. Жалпы 189 бүтүрүүчү. Биз буга чейин аларды эскертсек да, эми сертификат бергилеп деп жатышат",- деп билдирди Батракеева.
Ал кошумчалагандай ЖРТны тапшыруу эрежелерин бузгандар да аныкталып, сынактан четтетилди.
Айта кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөнү 54 миң катышуучу тапшырды. Алардын 54ү "Алтын сертификатка" ээ болду.

