super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны болуп өттү

 

Бүгүн, 27-июнда президенттин администрациясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Комиссиянын биргелешкен ишин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан жетектешти. Жыйын тар чөйрөдө башталып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Андан соң жыйын эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген форматта улантылды.

Жыйында Эдил Байсалов кыргыз-монгол мамилелеринин артыкчылыктуу мүнөзүн баса белгилеп, азыркы жолугушуу Монголиянын президентинин Кыргызстанга болжолдонгон сапарына түрткү берерине ишеним билдирди. Ошондой эле моңгол өнөктөштөрүнө алдыдагы улуттук майрамы — Наадам майрамына карата куттуктоолор айтылды.

Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан өз кезегинде Монголиянын президентинин алдыдагы сапары эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар товар жүгүртүүнү көбөйтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, туризмди өнүктүрүү, гуманитардык алмашууларды тереңдетүү, ошондой эле илим жана жогорку технологиялар жаатында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин кеңири талкуулашты. Ишкердик демилгелерди колдоо жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттерди координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынынын протоколуна кол коюлду, анда жетишилген макулдашуулар бекитилип, социалдык-экономикалык өнүгүүгө, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы достукту, ишенимди жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого багытталган конкреттүү чаралар каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: