Токмокто 2,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды (видео)







Токмок шаарынын Чыгыш өнөр жай зонасында жайгашкан 2,8 гектар жер тилкеси мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 1989-жылы эл депутаттарынын Токмок шаардык советинин аткаруу комитетинин №100 чечими менен кара металл сыныктарын кабыл алуу боюнча "Вторчермет" ишканасына өндүрүштүк базаны курууга жер бөлүнүп берилген. 2000-жылдардын башында ишкананын укук мураскери тарабынан "Чүйоблснабторг" ААКсы банкрот болгондон кийин мүлк, анын ичинде жогоруда аталган аймак жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.
Мыйзам боюнча мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берилген жер участоктору алар жоюлгандан кийин мамлекеттин менчигине өтүүгө тийиш. Бирок мыйзам бузуу менен жер тилкеси жеке адамдын пайдасына чечилген.
УКМК учурдагы менчик ээси аталаган жерге мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын моюнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп бергенин белгиледи.
УКМК
