Аламүдүн райондук сотунун судьясы шериги менен опузалап акча талап кылууга шектелүүдө

Маалымдалгандай, милицияга С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Арыз берүүчүгө карата "Тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголуп соттук процесстер жүрүп жаткан. Шектүү сотко төрагалык кылуучу Ж.Ш. аттуу судьяга процессти жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Сот макулдугу үчүн 30 миң сом, ишти оң жагынан чечүү үчүн 1000 доллар талап кылган.
Акча каражатын сотко жеткирип берүү милдети Б.К. аттуу жаранга жүктөлүп, анын үйүнөн каражат табылды. Ал Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Ал эми Соттор кеңеши райондук судья Ж.Ш.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.