super.kg logo

Бүгүн "Кальмар оюну" сериалынын 3-сезону жарыяланды

 

Түштүк Кореянын дүйнө жүзүн багынткан атактуу сериалы "Кальмар оюнунун" 3-сезону бүгүн, 27-июнда Бишкек сааты менен 13:00дө Netflix’ке жүктөлдү. Эгер сиз Netflix’ке жазылуу болсоңуз, азыр эле көрө берсеңиз болот. Сайтта бардык 6 серия дароо жарык көрдү.

Расмий түрдө сериалды бир гана Netflix аркылуу көрүүгө болот. Компания кээде жаңы колдонуучуларга бекер көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Айрым өлкөлөрдө жеңилдетилген баалар менен жазылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондуктан Netflix сайтынан же мобилдик тиркемесинен акыркы сунуштарды карап туруңуз.

Эскерте кетсек, экинчи сезон Ки Хундун оюнга 3 жылдан кийин кайтып келишин көрсөткөн. Ал оюнду ачыкка чыгарууну чечет. Бирок 001 номердеги оюнчу чындыгында башка адам болуп чыгат, ал эми Ки Хундун бир союздашы өлөт. Финал ачык бүткөн жана 3-сезонго негиз салган.

Бул сериалдын 3-сезону Түштүк Корея версиясынын акыркы бөлүгү болуп эсептелет. Кийинкиде Netflix америкалык адаптацияны тартууну пландаштырууда. Режиссёру Дэвид Финчер болушу мүмкүн.






Кальмар оюну

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: