super.kg logo

Кытайда ымыркайларды саткан дарыгерге өлүм жазасы чыкты

 
Кытайдын Шэньси провинциясында ымыркайларды сатып жүргөн дарыгер-акушер Чжан Шусяга өлүм жазасы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Кытайдын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Чжан Шуся 2011-2013-жылдар аралыгында жалпысынан 7 ымыркай саткан. Алардын алтоосу полиция кызматкерлери тарабынан табылган. Ал эми ымыркайлардын биринин каза болуп калгандыгы аныкталган. Дарыгер ата-энелерге "балаңыздар оорукчан болуп төрөлдү" деп алардан баш тартуу кагазын жаздырып алып турган. 

Чжан Шуся акыркы жолу 2013-жылдын 16-июлунда ымыркай саткан. Баласынын дени сак төрөлгөнүнө ишенген 23 жаштагы эне 20-июлда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Полиция кызматкерлеринин ыкчам-изилдөө иштеринин негизинде бала Хайнань провинциясынан табылып, август айынын башында ата-энесине кайтарылып берилген. 

Ушул окуядан соң дарыгерге жана бул ишке аралашкан жакындарына кылмыш иши козголгон. Учурда Чжан Шуся эки жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Андан соң өлүм жазасына тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
14.01.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайда олум жазасы,Кореяда итке талатып олтурот.Кыргызстанда тааныш аркылуу же акча менен бутуруп коюшат.Бизде баарын жазаса болот.
15.01.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде варианттар ото коп кытай мамлекетиде андай нерсе жок уурулардын колун кесет экен бизде андай боло турган болсо чондордун баары колудан ажырап калуу коркунучу бар. элестеткиле ак уйдо колу жок депутаттар олтурса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: