super.kg logo

Путин Украина менен Стамбулда үчүнчү ирет сүйлөшүү өткөрүүгө даяр экенин билдирди

 

Владимир Путин Украина менен Стамбулда үчүнчү сүйлөшүү раундун өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июнда Минскиде өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусия менен Украина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду Стамбулда өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, тараптар тынчтыкты жөнгө салууга байланыштуу меморандумдардын долбоорлору менен алмашышкан, бирок бул документтердин мазмуну "толугу менен карама-каршы" болуп чыккан. Путин бул документтердин мазмунун ачыктоону "орунсуз жана сүйлөшүү процесси үчүн зыяндуу" деп атады.

Ошондой эле Путин Орусия тарап Украинага 6000ден ашык каза болгон аскерлердин сөөгүн өткөрүп бергенин, дагы 3000ге жакынын өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, мындан кийинки кадам украин тараптан көз каранды. Мындан тышкары жакында кезектеги туткундар алмашуусу да болгонун кошумчалады.

Путин белгилегендей, үчүнчү сүйлөшүү раунду гуманитардык акциялар аяктагандан кийин өткөрүлүшү мүмкүн. Учурда сүйлөшүү топторунун жетекчилери байланышта болуп, жолугушуунун убактысын макулдашууда.

Ал ошондой эле Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга сүйлөшүү процессин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы катары эки тарап сунуштаган меморандумдар талкууланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: