super.kg logo

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү дүйнөдөгү эң бай 50 аялдын катарына кирди

 

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким өз күчү менен ийгиликке жеткен дүйнөдөгү эң бай 50 аялдын катарына кирди. Бул тууралуу Forbes журналы жарыялады.

Анын байлыгы 4,6 миллиард долларга бааланып, 18-орунду ээлеген. Татьяна Ким — бул тизмеге кирген жалгыз орусиялык аял.

49 жаштагы Ким бул тизмедеги эң жаш айымдардын бири.

Рейтингдин биринчи сабында Швейцариянын жараны Рафаэла Апонте-Диамант турат. Анын байлыгы 38,8 миллиард доллар. Ал жолдошу Жанлуиджи Апонте менен бирге дүйнөдөгү эң ири Mediterranean Shipping Company (MSC) компаниясын негиздеген.

Экинчи орунда америкалык Дайан Хендрикс, анын байлыгы 22,3 миллиард доллар. Ал курулуш материалдарын таратуучу ABC Supply компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Рейтингде жарыялангандай, тизмеге кирген 50 аялдын жалпы байлыгы – 276 миллиард доллар, бул орточо эсеп менен ар бирине 5,5 миллиард доллар туура келет. Бирок өз күчү менен байыган эң бай 50 эркектин жалпы байлыгы – 3,8 триллион доллар, бул аялдардыкы менен салыштырганда 14 эсе көп.

Forbes белгилегендей, бул көрсөткүчтөр дагы эле чоң гендердик айырманы көрсөтөт, бирок "оптимизмге негиз бар". 2017-жылдан бери өз күчү менен байыган аял миллиардерлердин саны 50 пайызга көбөйгөн жана азыр алардын үлүшү жалпы миллиардерлердин 3,5 пайызын түзөт.

Татьяна Ким — Орусиядагы эң бай аял деп таанылган. Forbes журналынын 2025-жылдагы Орусиядагы 146 миллиардердин рейтингинде ал 34-орунда турат жана анын байлыгы мурдагыдай эле 4,6 миллиарл доллар деп бааланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: