super.kg logo

Никеге чейин "ишенимдүү аялды" аныктоого болобу? Психолог жооп берет

 

Аялдар эркектер сыяктуу бир нече мамилеге ээ болушу мүмкүн, бирок коомдо эркектер бул жааттагы ийгиликтери менен көп мактанса, аялдар өздүк жоруктарын жашырышат. Бул тууралуу 30-июнда дүйнө жүзүндө белгиленүүчү "Туруктуу аялдардын күнүндө" (День верной жены) орус басылмаларынын бири психология илиминин доктору, жазуучу Ирина Корчагина менен маек курган.

Анын айтымында, адамдар көбүнчө сезимдери менен кыймылдап, логикага аз ишенишет. Ошондуктан, нике алдында бирөөнүн туруктуулугун так аныктоо кыйын. Көбүнчө эркектердин көп мамилелери коомчулукка көрүнүп, алар мактануу нерсеси болсо, аялдар андай учурларын жашырууну туура көрүшөт. Мындан улам аялдардын жүрүм-туруму жөнүндө көп айтылбайт.

Психолог эркектер коомдук турмушта көбүрөөк активдүү болуп, көп иш сапарларда жүргөнүн, ошондуктан аларда көптөгөн азгырыктар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеген. Аялдар болсо, адатта, азгырыктарга азыраак дуушар болушат.

Ошондой эле, мамилелердин кантип өнүгүп жатканы көп нерсени аныктайт. Тынч, үйдү жакшы көргөн аял деле кээде өзгөрүп кетиши ыктымалдыгын айткан психолог адамдарды алдын ала толугу менен баамдоого болбой турганына токтолгон.

Никеге туруу тууралуу суроого жооп берип жатып, адис бул кадам мамлекет үчүн пайдалуу экенин, андан тышкары үй-бүлө мүлкүн бөлүштүрүүдө жардам бере турганын айтты. Мындан сырткары, нике жоопкерчиликти жаратат: биз балдарыбызга, ата-энебизге, досторубузга жана мамлекетке милдеттүүбүз. Мындай милдеттенмелер адамды тартипке салат, иш кылууга түрткү берет жана акылсыз аракеттерди азайтат дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: