УКМК Бишкек менен Чүйдө жер тилкелери мамлекетке алынганын билдирди








Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жалпы аянты 62 гектарды түзгөн өзгөчө категориядагы кымбат баалуу сугат айдоо жерлери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Горький жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы 4,7 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери алынса, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан жалпы аянты 57,3 гектар жер тилкелери алынган.
Атайын кызмат учурда мурда мыйзамсыз өткөрүлүп, жеке менчикке менчиктештирилип кеткен айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жана социалдык объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.