super.kg logo

Израилдин армиясы бир суткада Газа тилкесине 140тан ашуун сокку урду

 

Израилдин армиясы акыркы 24 саат ичинде Газа тилкесиндеги 140тан ашык максаттуу объекттерге абадан сокку урган. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда армиянын маалымат кызматы кабарлады.

"Өткөн сутка ичинде Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесиндеги 140тан ашуун террордук объекттерге сокку урду. Алардын арасында террорчулар, аскердик түзүмдөр, ракета атуу үчүн колдонулган жабдуулар, Израил армиясына коркунуч жараткан объекттер, курал-жарак кампалары жана башка террорчулардын инфраструктуралары болгон",- деп айтылат билдирүүдө.

Израил армиясы 18-марттын түнүндө Газа тилкесине соккуларды кайра баштаган. Бул чечим палестиналык ХАМАС кыймылы АКШ сунуш кылган ок атышпоо режимин узартуу жана туткундарды бошотуу планын четке каккандан кийин кабыл алынган.

Расмий түрдө Израил менен ХАМАСтын ортосундагы убактылуу тынчтык 1-мартта аяктаган, бирок тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр улангандыктан аскердик аракеттер кайра жанданган эмес болчу.

Бирок Израил Газа тилкесине ичүүчү суу даярдаган тузсуздандыруучу заводго электр энергиясын берүүнү токтотту жана гуманитардык жардам ташыган жүк унааларынын киришине тыюу салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: