Европа Биримдигинин төрагалыгы Данияга өттү
Европа Биримдигинин 6 айга созулган кезектеги төрагалыгын Дания өзүнө алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул мөөнөт ичинде Даниянын негизги көңүл бура турган багыттары - коргонуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, жашыл энергетикага өтүү, миграция маселеси жана уюмду кеңейтүү болот.
Европа Биримдигинин төрагалыгы мүчө мамлекеттер арасында ар 6 айда бир ирет алмашып турат. Бүгүнкү күндөн тарта бул милдетти 1-январдан бери төрагалык кылып келген Польша расмий түрдө Данияга өткөрүп берди.
Даниянын төрагалыктагы расмий урааны - "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө күчтүү Европа" деп жарыяланды.
Копенгаген төмөнкү приоритеттерге көңүл бурат:
- Европанын коргонуу тармагында стратегиялык көз карандысыздыкка жетишүү;
- Европа өлкөлөрүнүн дүйнөлүк базарларда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- 2050-жылга чейин көмүр кычкыл газын нөлгө түшүрүү максатына жетүүгө көмөктөшүү;
- Тартипсиз миграция менен күрөшүү;
- ЕБнин мүчөлүгүн кеңейтүү.
Дания төрагалыкты 2026-жылдын 1-январында Кипрдин грек администрациясына (Түштүк Кипр) өткөрүп берет.

