super.kg logo
  Саясат  

Юрист Эрик Ирыскулбеков: "Талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынагы кандай ыкмалар, кандай критерийлер менен өткөндүгү белгисиз болуп калды"

 

«Ош жана Бишкек мэрлигине шайлоодогу мамлекеттик тил боюнча сынагы кандай ыкмалар, кандай критерийлер менен өткөндүгү белгисиз болуп калды» деп билдирди бүгүн, 14-январда «Парламентаризм үчүн» уюмунун ɵкүлү, юрист Эрик Ирыскулбеков.

Анын айтымында, талапкерлердин программалары коомго жарыяланбады. Алар менен мамлекеттик тил комиссиясы гана он мүнɵттүк сынак учурунда таанышышты. Сынак кандай өттү, кандай суроолор берилгендиги белгисиз бойдон калды. Болгону «бул талапкер мамлекеттик тилди мыкты билет» деген факты айтылды. Канча балл алды, билими канчалык деңгээлде экендиги сыр бойдон калды.

Эскерте кетсек, эртең, 15-январда Бишкек мэрлигине Кубанычбек Кулматов, Ош мэрлигине Айтмамат Кадырбаев жана Мелис Мырзакматов ат салышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: