Куткаруучулардын майрамын утурлай ӨКМге 28 жаңы техника берилди




Бүгүн, 1-июль Кыргыз куткаруучуларынын кесиптик майрамын утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы 28 техника берилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат борбору билдирди.
Белгиленгендей, иш-чарага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышып, техникаларды тапшырды. Ал куткаруучуларды элдин алкышы коштоп, мамлекеттин колдоосу менен өркүндөп өсө беришине тилектештигин билдирди.
Берилген техникалар:
- 11 Камаз үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа;
- 4 бортуу камаз;
- 3 BYD жеңил унаасы;
- 6 Кобальт Шеврале;
- 1 Шеврале трекер;
- 1 Крузак;
- 2 Погрузчик.
Мындан тышкары, өрт өчүрүүчүлөр үчүн 500 күжүрмөн кийими жана башка өрт өчүрүүчү шаймандар тапшырылды.
Жалпысынан министрликтин базасын 800гө жакын атайы техникалар түзсө, алардын 572си акыркы 4 жылда жаңы келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.