super.kg logo

Honor Кыргызстанда жаңы смартфондорун тартуулады: O!Store'до сатуулар башталды

 

26-июнда Бишкек шаарында Honor бренди жана Кыргызстандагы ири дүкөндөр тармагы болгон O!Store өнөктөштүктө жаңы Honor 400 жана Honor 400 Lite смартфондорунун расмий бет ачарын өткөрүштү. Бет ачарда жаңы смартфондорду жеке сынап көрүү, камерасын, дизайнын жана иштөө ылдамдыгын жакындан баалоо мүмкүнчүлүгү болду.

Иш-чарага Honor’дун Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин башкы директору Этан Чэн, Жогорку Кеңештин депутаты Ханджеза Карим, уюлдук телефондор ассоциациясынын директору Борубашов Улан, балбан Жоламан Шаршенов, Үзүр Жусупбеков жана башка спорчулар, актерлор катышты.

Honor’дун жаңы смартфондорунда башка смартфондордо жок жаңы функциялар кошулган. Айта кетсек, сүрөткө түшкөндө көз жумулуп калса ачып коюу, ашыкча объекттерди өчүрүп коюу, эски сүрөттөрдүн сапатын жакшыртуу жана сүрөттү жандандыруу функциялары атайын тиркемесиз эле колдонсо болот.

Honor 400 жана Honor 400 Lite – компаниянын смартфон технологиясындагы жаңы деңгээлди ачып жаткан моделдер. Алар:

  • өнүккөн технологиялык чечимдер,
  • жогорку сапаттагы камера,
  • энергияны үнөмдөө,
  • заманбап дизайн менен өзгөчөлөнөт.

Маалымат үчүн: Honor – дүйнөлүк деңгээлдеги смартфон бренди. Ал өзүнүн өзгөчө технологиялары, сапаттуу камерасы жана узак иштөө убактысы менен айырмаланат. Ал эми O!Store – Кыргызстандагы эң ири смартфон жана аксессуар сатуу түйүндөрүнүн бири. Бул дүкөндөр тармагы мобилдик оператор О! компаниясына караштуу жана өлкө боюнча 110дон ашык филиалы бар. Мындан сырткары, мобилдик байланыш кызматтарын да сунуштайт.

O!Store дүкөндөрүндөгү бардык смартфондорду алдын ала төлөмсүз жана кошумча төлөмсүз 12 айга чейин бөлүп төлөөгө алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жакынкы дүкөндүн дарегин ostore.kg сайтынан табууга болот. Каалаган моделди тандап, Бишкек шаарынын ичинде акысыз жеткирип берүүгө буйрутма бериңиз.

Уюлдук түзмөктөрдүн саны чектелүү.

Кредитти «О!Банк» ААК берет, банк арызды карап чыгып, четке кагуу укугуна ээ.

Лицензия: НБКР №044 (17.09.2024). Толук маалымат: obank.kg

Байланыш кызматтарын көрсөтүүчү: «НУР Телеком» ЖЧК, ГАС лицензиялары №16-0062-КР жана №16-0063-КР (06.12.2016). Толук маалымат: o.kg






Honor презентация

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: