Түркиянын Бурса шаарында 2 жер титирөө болду
Түркиянын Бурса шаарынын Гемлик районунда бүгүн 3,9 жана 4,2 баллдык эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктарын башкаруу башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:47де, 9,82 чакырым тереңдикте болду. Экинчи силкинүү саат 12:57де кайталанып, күчү 4,2 баллды түздү. Ал 10,14 чакырым тереңдикте катталды.
Ички иштер министри Али Ерликая билдиргендей, жер титирөө айланасындагы облустарда да сезилди. Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан жеринде текшерүү иштери жүрүп жатат. Азырынча зыян же жапа чеккендер тууралуу маалымат жок.
"Учурда эч кандай терс жагдай катталган жок. Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга кайрат айтам. Кудай өлкөбүздү жана элибизди апааттардан сактасын",- деди министр.

