super.kg logo

Эмгек министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертти

 
Өлкөнүн Эмгек министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертти.
Мекеме билдиргендей, акыркы мезгилдерде Кыргыз жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германияга, Польшага, Венгрияга, Хорватияга жана башкаларга жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйгөн.
Шылуундар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жарнамаларды жарыялап, төмөнкүлөрдү убадалашат:
  • Квалификация талап кылынбаган жогорку айлык акы;
  • Кепилденген иш менен камсыз кылуу;
  • Документтерди тез даярдоо жана чет өлкөгө "оңой чыгып кетүү".
  • Андан кийин алар "кызмат көрсөткөндүгү" же "чакыруу алуу" үчүн алдын ала акы төлөөнү талап кылышат. Андан соң жок болуп кетишет.

Жарандар үчүн кандай коркунучтар бар?

  • Акчасын жоготуу жана жумушсуз калуу;
  • Жасалма документтер жана депортация;
  • Башка өлкөдө камсыздандыруунун жана укугун коргоо механизмдеринин жоктугу;
  • Карызга батып кетүү же эмгек эксплуатациясына кабылуу коркунучу;
  • Акча төлөгөндөн кийин шылуундар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.
Өзүңүздү кантип коргосоңуз болот?
  • Социалдык тармактардагы белгисиз адамдарга эч качан акча которбоңуз.
  • Жумушка орноштурууну сунуш кылган агенттиктин лицензиясынын бар же жоктугун текшериңиз.
  • Шарттарды жакшылап карап чыккандан кийин гана келишимге кол коюңуз.
  • Бардык документтердин көчүрмөлөрүн жана кат алышууларды сактаңыз.
  • Бара турган өлкө, эмгек шарттары, чыгымдар жана реалдуу эмгек акысы жөнүндө толук маалымат алыңыз.
  • Европа, Япония, БАЭ, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана башка мамлекеттерге жумушка орношууну пландап жатсаңыз, уруксаты бар, расмий түрдө иштеп жаткан жумушка орноштуруучу жеке агенттиктерге гана кайрылыңыз.
Кыргыз жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча расмий иш алып барган жеке агенттиктердин тизмеси менен шилтемеден таанышсаңыз болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: