super.kg logo

"Камчыга эле керекпи?.." Нарындын көйгөйү кайрадан ыр менен айтылды (видео)

 

Социалдык тармактарда Нарындын көйгөйүн ырга салып айтып чыккан кыздын видеосу тароодо.

Ырда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Нарынга барып кеткенден кийин аймакта кайрадан иш жүрбөй калганы баяндалат.

"...Оңдолуп бүтпөйт жолубуз,

Оңбогон далай жыл өттү.

Аң-чөнөк, жыртык, тешиги

Адамды жаман жүдөттү.

Чыдамы кетип Нарындын

Чыркырап айтып чыгышты.

Чыгат деп жакшы тыянак

Чын дилден күтүп жүрүштү.

Акыры элдин айтканы

Ак үйгө да жетиптир.

Абалын элдин билгени

Ташиев Камчы келиптир.

Отчётун сурап ар иштин

Оңду бир жоопту алган жок.

Оркоюп турса жалганы

Оңтойсуз болдум аргам жок.

Кетирип Камчы аганы

Эки күн иштеп жүрүштү.

Чекесин бүтпөй жолунун

Чээнге кайра киришти.

Күркүрөп иштеп техника

Жүрүшкөн күнү-түнү да.

Эмнеге билбейм, негедир

Көрүнбөйт азыр бири да.

Элинин камын ойлогон

Эр жигит туула элекпи?

Нарктуу Нарын эртеңи

Камчыга эле керекпи?.." - деп Нарындын көйгөйү ырга салынган.

Буга чейин да Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Интернет желесинде Ташиев Нарынга барар алдында аймактагы жолдор түнү менен оңдолуп жатканы тартылган видеолор да тараган.






01.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: