super.kg logo

Оштогу Эне-Сай жаңы конушунун курулушу башталды

 

Бүгүн 1-июлда Ош шаарынын Коммунист айылында Эне-Сай жаңы конушунун курулушуна расмий түрдө старт берилди. Бул тууралуу калаа башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, "Куньлунь" курулуш компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышышкан.

Мэр сөзүндө бул долбоор калктын турак жай муктаждыктарын канааттандырып, шаардын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртарын белгилеген.

"Жаңы конуш Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кытайдын "Куньлунь" курулуш компаниясы тарабынан курулат. Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Ушул жылдын күз айларына чейин 320 заманбап турак үйлөрдү, аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтына түптөлөт.

Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет", - деп айтылат маалыматта.






01.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: