Данияда айымдар милдеттүү түрдө аскерге чакырыла баштайт
Данияда айымдар эркектер менен бирдей негизде аскер кызматын өтөөгө милдеттүү болот. Өлкөнүн аскерге чакыруусуна тиешелүү өзгөртүүлөр 1-июлдан тарта күчүнө киргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин Данияда айымдар өз ыктыяры менен гана армияга барышса, эми 18 жашка чыккан бардык кыздар каттоодон өтүшү керек. Алгач аскерге ыктыярчылар кабыл алынып, андан соң бош орундарга тандоолор жүргүзүлмөкчү. Кызмат өтөө мөөнөтү 11 айды түзөт.
Даниянын аскерге чакыруу программасынын башчысы, полковник Кеннет Штром мындай өзгөртүүлөр өлкөнүн армиясынын күжүрмөн күчүн жогорулатууга багытталганын түшүндүргөн.
Учурда өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 9 миңге жакын кесипкөй аскер кызматкерлери кызмат өтөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.