SIM-карта алууда биометриядан өтүү керек. ТИМ Орусиядагы кыргызстандыктарга кайрылды
Орусиядагы чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар дагы биометриялык идентификациядан өтүшү керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар SIM-карталарды Орусияда оператордун кеңсесине барып гана сатып ала алышат. Бул учурда алар банк бөлүмдөрүндө биометриялык идентификациядан өтүшү керек (беттин сүрөтү жана үн жазуу).
Ал эми буга чейин SIM-картага ээ болгон жарандар байланыш өчүрүлүп калбашы үчүн өздүгүн тастыктап, төмөнкү документтерди мобилдик байланыш салонуна тапшырышы зарыл: СНИЛС (Орусиянын Социалдык фондунун бөлүмдөрүндө берилүүчү жеке эсеп номери), IMEI-код, “Госуслуги” порталынын маалыматы жана биометриялык маалыматтар.
Эске салсак, буга чейин Орусиядагы мигранттардын SIM-карталарды массалык түрдө өчүрүлө баштаганы айтылган.

