super.kg logo

Германияда Палестина үчүн акча чогултуп, өзүнө короткон блогерге кылмыш иши козголду

 

Германияда араб тектүү блогер Абдель Хамид палестиналыктарга жардам катары 500 миң еврого жакын акча чогултуп, аны өзүнө короткону үчүн соттолууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, блогер 2021-жылдан 2024-жылдын октябрына чейин интернет аркылуу 37 кайрымдуулук иш-чарасын уюштурган. Ал акчаларды Газа тилкесиндеги жана башка жабыр тарткан аймактардагы палестиналыктарга жардам берүү үчүн чогултулуп жатканын билдирген. Жыйналган каражаттын аз бөлүгү гана Палестинага жөнөтүлүп, калган акчаны Хамид өзүнө короткон.

Сотто Хамид өзүнүн банк эсебине 497 миң евро которгону, бул акчага ал кымбат автоунааларды, дизайнердик кийимдерди, лимузин жана Rolex саатын сатып алганы белгилүү болду. Ошол эле учурда ал жумушсуз катары Германия өкмөтүнөн жөлөк пул алып турган.

Азыркы тапта анын мамлекеттик жөлөк пулдарды мыйзамсыз алуу фактысы боюнча өзүнчө тергөө иштери жүрүүдө.

Окуя боюнча регионалдык полициянын башчысы: "Бул окуя интернеттеги кайрымдуулук компанияларын кылдат текшерүү канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Адамдар ишенет, ал эми шылуундар ушул ишенимден пайдаланышат",- деп билдирди.

Эми алдамчылык жана жөлөк пул алуудагы мыйзам бузуулар үчүн блогер абакка кесилиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: