USAID тышкы жардам берүү программаларын ишке ашырууну токтотту
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) 1-июлдан тарта тышкы жардам көрсөтүү программаларын токтотконун билдирди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар кабарлашты.
"Администрациянын саясатына шайкеш келген жана Американын кызыкчылыктарын алдыга жылдырган жардам берүү программалары Мамлекеттик департамент тарабынан ишке ашырылат",- деди Рубио.
Анын айтымында, жаңы ыкма программаларды жоопкерчиликтүү, стратегиялык жана эффективдүү кылат.
Рубио USAID'ди АКШнын салык төлөөчүлөрүнө же шайланган президентине эмес, БУУга, көп улуттуу бейөкмөт уюмдарга жана дүйнөлүк коомчулукка басым жасаганы үчүн сынга алды. Ал жардам алуучулар АКШнын көмөгүн бейөкмөт уюмдардын кайрымдуулугу эмес, америкалыктардан инвестиция экенин түшүнүшү керек деп баса белгиледи.
25-январда USAID Мамлекеттик департаменттин буйругу менен программаларынын көбүн 90 күнгө токтоткон. Марко Рубио 10-мартта агенттиктин программаларынын 83 пайызы жабылганын жарыялады. Марттын аягында Мамлекеттик департамент менен USAID Конгресске кайрадан башка уюм ачуу ниетин кабарлашты.
