super.kg logo

Актауда кулаган учак: ММКлар орусиялык аскердин соккусу боюнча түшүндүрмө катын жарыялашты

 

Кечээ, 1-июлда азербайжандык Minval басылмасы Азербажандын учагын атууга буйрук берген орусиялык абадан коргонуу кызматынын капитаны Дмитрий Паладичуктун жазган түшүнүк катын чыгарды.

Басылма сенсациялуу материалдар менен анонимдүү каттар, кырсык учурунда тартылган видео жана аудио материалдар келип түшкөнүн билдирди.

"Embraer 190 учагынын өзү түшүндүрмө катта айтылган эмес. Текстте тумандан улам көрүнбөй калган "потенциалдуу бутанын" атылышы жөнүндө айтылат. Капитан Паладичук бул тууралуу 51-дивизиянын аскердик командалык пунктуна билдирип, объекттин бийиктигин жана ылдамдыгын айткан. Капитан телефон аркылуу бутаны жок кылуу буйругун алып, андан соң операторго ок чыгаруу буйругун берген. Биринчи ракета бутага жетпей, Паладичук кайрадан атууга буйрук берген",- деп белгиленген маалыматта.

The Insider маалымдагандай, Дмитрий Паладичук чынында эле Орусиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн ар кандай бөлүктөрүндө, анын ичинде Новосибирсктеги 14-аба күчтөрү жана абадан коргонуу армиясында кызмат өтөгөн. Белгиленгендей, капитан телефон аркылуу сүйлөшүүдө басылмага жазылган түшүнүк каттын аныктыгын тастыктаган.

Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. Алардын арасында үч кыргызстандык болгон.

28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: