super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында 4 улуттун эл аралык турнири өтөт

 

17-23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында (U-23) "Төрт улуттун эл аралык футбол мелдеши" өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Бул турнирге Кыргызстандын олимпиадалык (U-23) курама командасы жана Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана "Алга" футболдук клубунун стадионунда өтөт. Бардык оюндарга кирүу акысыз.

Мелдештин жүгүртмөсү:

17-июль
19:00 – ?? Оман vs ?? Бахрейн ("Алга" ФК стадиону)
21:00 – ?? Кыргызстан vs ?? Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону)

20-июль

19:00 – ?? Сирия vs ?? Бахрейн ("Алга" ФК стадиону)
21:00 – ?? Кыргызстан vs ?? Оман (Д. Өмүрзаков стадиону)

23-июль
19:00 – ?? Оман vs ?? Сирия ("Алга" ФК стадиону)
21:00 – ?? Кыргызстан vs ?? Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону)

Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, “E” тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: