super.kg logo

Украина ТИМи АКШнын элчисин аскердик жардамдын токтотулушу боюнча чакырды

 

АКШнын өкүлү Жон Хинкель Киевдеги Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Киев элчини АКШнын Украинага көрсөтүп жаткан аскердик жардамы боюнча чакырган. NBC маалыматына ылайык, Пентагон Украинага ракеталар жана ок-дары жүктөлгөн партияны жөнөтүүнү убактылуу токтотту.

Сүйлөшүүнүн негизги темасы АКШнын аскердик жардамы жана коргонуу кызматташтыгы болгон. Украина Тышкы саясат мекемесинин сайтында белгиленгендей, мурда белгиленген жардам пакеттери үзгүлтүксүз жеткирилип туруунун өтө маанилүү экендиги баса белгиленген. Тараптар бул маселени бардык деңгээлдерде мындан ары да талкуулоону улантууну макулдашкан.

NBC маалыматына караганда, АКШ Patriot зениттик ракеталарын, 155 милиметр калибрдеги миңдеген артиллериялык снаряддарды, 100дөн ашык Hellfire ракеталарын, 250дөн ашык GMLRS ракеталык системдерин, ошондой эле AIM класстагы ракеталарын жана гранатометтерди жеткирүүнү убактылуу токтотту. Бул чечим АКШ куралдуу күчтөрүнүн запастарынын тартыштыгына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: