super.kg logo

АКШдан курал-жарак жеткирүүнүн токтогону тууралуу Зеленский билдирүү жасады

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан Украинага аскердик жардам жеткирүүнүн токтотулушуна байланыштуу билдирүү жасап, жаңы курал жана дрон өндүрүү боюнча Дания жана башка өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлор даярдалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал кечки кайрылуусунда айтты.

"Азыр Украина менен АКШнын ортосунда абадан коргонуу системдеринин, анын ичинде Patriot системдери үчүн компоненттерди жеткирүү маселелери такталып жатат. Канткен күндө да элди коргоо үчүн зарыл болгон нерсенин баары камсыз болушу керек",- деди Зеленский.

Ал ошондой эле Евробиримдик менен кийинки жарым жылдыкта кызматташуунун кадамдары талкууланганын жана учурда Даниянын төрагалыгы жүрүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Украина Дания жана башка өлкөлөр менен курал-жарак жана дрондорду биргелешип өндүрүү боюнча жаңы келишимдерди даярдап жатат. Жакын арада дрондор боюнча жакшы жаңылыктар болору кошумчаланды.

Буга чейин Украина президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк АКШнын курал жеткирүүсүн токтоткону тууралуу маалыматты четке каккан.

"Жеткирүүлөр азырынча уланууда. Муну токтотуу, айрыкча Patriot системи үчүн ракета жеткирүүнү - гуманизмге каршы кадам болуп калмак",- деген ал.

Эскерте кетсек, АКШ Украинаны колдоо максатында жөнөтүлмөкчү болгон айрым аскердик жабдууларды жөнөтүүдөн баш тарткан. Мунун себебин кампадагы курал запастарынын азайып кеткени менен түшүндүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: