super.kg logo
  Саясат  

Орусиялык маалымат каражаттары кыргыз-тажик чек ара чатагын "2014-жылдын биринчи согушу" деп атады

 
Аркадий Дубнов – Орто жана Борбор Азиядагы саясий кырдаалдар боюнча Орусиянын эң маалыматка бай журналисттердин бири.

Кыргыз-тажик чек ара чатагына арналган “2014-жылдын бир саатка созулган биринчи согушу” аталышындагы макала орусиялык "РИА-Новости" маалымат каражатында пайда болду. Макаланын автору Аркадий Дубновдун ою боюнча, Орто Азиядагы коопсуздук коркунучу НАТОнун аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышында эмес, коңшу мамлекеттердин ортосундагы мамиледе.

“Эки жарды өлкө өз алдынча чек ара маселесин көп жылдардан бери чече албай келишет. Мунун негизги себеби, Тажикстан 1924-жылда большевиктер кабыл алган документтерге таянса, кыргыз тарап 1956-жылдагы Совет доорунда түзүлгөн келишимге таянып келет” деп түшүндүргөн.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү үчүн өз ара макулдашуулар зарыл. Маселен, биргелешкен чарбалар түзүлсө же эки тарап айрым аймактары менен алмашышса, балким, маселе чечилер. Эгер чек арадагы кырдаал өзгөрүлбөсө жана жаңжалдар кайталана берсе, үчүнчү күчтөрдүн келүүсү мүмкүн.

“Үчүнчү күчтөр болуп Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери келсе жакшы, бирок экстремисттик жоочулардын келип калышы да күтүлүүдө” деп Аркадий Дубнов кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: