super.kg logo

Free America: АКШнын Көз карандысыздык күнүндө Трампка каршы акциялар өтөт

 

Эртең, 4-июлда АКШдагы эң маанилүү жана символикалуу майрамдардын бири болгон көз карандысыздык күнүндө президент Дональд Трампка каршы нааразычылык акциялары өтөт. Бул тууралуу Axios агенттиги жазды.

Маалымдалгандай, бул акциялар Free America деп аталган улуттук демилгенин алкагында, Women’s March кыймылы тарабынан уюштурулууда. Протесттер Трамптын саясатына каршы өсүп жаткан нааразычылыктын шартында өтүүдө.

Women’s March өз тарапташтарын митингдерге, жүрүштөргө, баннер илүү акцияларына, көчө параддарына, көркөм өнөр жана музыка иш-чараларына, барбекю кечелерине, бий менен коштолгон нааразычылыкка жана короодогу кечелерге катышууга чакырды.

"Америкалык эркиндик тууралуу кыял - баарына тиешелүү, ошондуктан көчөгө ыр, кубаныч жана эркиндик менен чыгууну унутпагыла",- деп белгиледи уюштуруучулар.

Катышуучулар коркутуу саясатына, жокчулукка, миллиардерлердин бийлигинин күчөшүнө жана демократиялык укуктардын бузулушуна каршы чыгышат.

Жалпысынан 200гө жакын иш-чаралар өтөт деп пландалууда. Алар негизинен Флоридадагы Тампа, Клируотер, Сарасота жана Тринити шаарларында болот.

Маалымат үчүн: Women’s March - АКШдагы эң ири адам укуктарын коргоо кыймылы болуп саналат. Ал 2017-жылы Дональд Трамптын саясатына каршы уюшулган. Алгачкы чоң марш Вашингтондо, кийин жүздөгөн башка шаарларда өткөн. Ал акцияга 2 миллионго жакын адам катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: