super.kg logo

Жол кырсыгынан каза тапкан атактуу футболчу 11 күн мурун үйлөнгөн (видео

 

Бүгүн, 3-июлда 28 жаштагы португалиялык футболчу жана "Ливерпуль" клубунун чабуулчусу Диогу Жота жол кырсыгынан каза болду.

Белгилүү болгондой, Диого 22-июнда 2013-жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Руте Кардосо менен үлпөт тоюн өткөргөн. Ал Instagram баракчасындагы акыркы билдирүүсүндө үйлөнүү тоюндагы видеосун жарыялап, "Биз эч качан унутпай турган күн" деп жазган.

Баш кошкон жубайлардын ортосунда 4 жана 2 жаштагы уулдары, ошондой эле 1 жаштагы кызы бар.

Кырсык Саморанын Санабрия аймагына жакын жерде болгон. Анда "Ливерпуль" клубунун чабуулчусу бир тууган иниси менен өзүнүн Lamborgini унаасы менен катуу ылдамдыкта баратып, унааны ашып өтүп жатканда дөңөлөгү жарылып, унаасы ала салып, өрттөнүп кеткен. Футболчу унаасынан чыга албай калган.

Диогу Жота 2020-жылы "Вулверхэмптон" клубунан 44,7 миллион евролук келишим менен "Ливерпулга" өткөн. Ошондон бери ал аталган клубда 182 оюн өткөрүп, 65 гол киргизген жана 26 ийгиликтүү пас берген. Ал "Ливерпулда" үч чоң титулду: 2024-25-жылдагы Премьер Лиганын чемпиондугун, 2021-22-жылдагы Англия Кубогун жана 2021-жылдагы Лига Кубогун жеңген.






03.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: