super.kg logo
  Саясат  

Парламентте "мас айдоочуларга айыпты 50 миң сомго көтөрүү зарыл" деген сунуш айтылды

 
ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында жол кырсыктары боюнча маселе каралды. Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев мас абалында унаа айдаган айдоочуларга айыпты болушунча көтөрүү зарыл экенин айтат. "Биз мас абалында рулда отурган айдоочуга салынчу айып пулду 50 миң сом кылууну сунуштаганбыз. Бирок ЖКда ал сумманы 9-10 миң сом кылуу жагы каралууда",- деди ал.
Исаев өлкөдө айдоочунун мас экенин аныктоочу жаңы жабдуулар колдонулуп баштаганын билдирди.
"Буга чейин айдоочунун мас экенин далилдөөчү жабдуубуз жок болчу. Айдоочуну кагазга үйлөтүп туруп анан текшерчүбүз. Түркиядан 60 даана алкотестер алынып, Бишкекте жана аймактарда колдонулуп жатат",- дейт Жол-кайгуул кызматынын башчысы.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: