super.kg logo

Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү. Эмнелер талкууланды?

 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ТАСС агенттигине билдирди.

Ушаковдун айтымында, Трамп Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу маселесин көтөргөн. Путин болсо, Москва Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин, бирок конфликттин себептерин жоюу боюнча өз максаттарынан баш тартпай турганын билдирди.

Сүйлөшүү учурунда АКШнын Украинага курал-жарак жеткирүүсүн токтотуу маселеси да, Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасынын датасы да талкууланган жок.

Мындан тышкары, эки лидер Иран айланасындагы кырдаалды, ошондой эле эки өлкөдө да жакын болгон салттуу баалуулуктарды жайылткан кинотасмаларды алмашуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты.

Сүйлөшүү бир саатка жакын созулуп, тараптар байланышты улантууну макулдашышты.

Өз кезегинде Дональд Трамп журналисттерге сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча билдирип, Украинадагы абалдан канааттанбаганын айтты. Анын айтымында, кыймылсыз абал сакталууда жана тынчтык орнотууда жылыштар болбой жатат.

Эске салсак, бул быйылкы Путин менен Трамптын бешинчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Акыркы сүйлөшүү 14-июнда болуп, анда негизги тема Иран менен Израилдин ортосундагы аба соккулары болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: