super.kg logo

Москвада азербайжандык крим авторитет Вагиф Сулейманов кармалды

 

Москва шаарында азербайжандык криминалдык авторитет Вагиф Сулеймановду кармалганы айтылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Сулейманов «Вагиф Бакинский» жана «Дипломат» деген ылакаптар менен белгилүү. Ал Орусияда жүрүү тартибин бузганы үчүн кармалган. Сулейманов учурда Москва шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна жеткирилип, андан ары Азербайжанга депортацияланары күтүлүүдө.

«База» басылмасы билдиргендей, Оренбург шаарында дагы бир азербайжандык кримавторитет Заур аттуу жаран кармалган. Ал Орусияда соттолушу мүмкүн экени айтылды.

Маалыматка ылайык, Сулейманов Москвадагы ири бизнес долбоорлор, анын ичинде миллиардер Год Нисановдун «Фуд-Сити» базары менен байланышы бар деп айтылууда. Ал 1965-жылы Тбилисиде туулган, кийин Бакуда жашап, 1990-жылдары Орусияга көчүп келген. Басылмалардын маалыматы боюнча, Сулейманов мурда бир нече жолу уурулук жана баңгизат сактоо боюнча соттолгон.

Учурда бул окуя Екатеринбург шаарындагы азербайжандык жарандардын массалык кармалышы менен байланыштуу экени белгисиз.

Эске салсак, 27-июнда эртең менен Екатеринбург шаарында мурда жасалган кылмыштарга шектелип, азербайжан улутундагы адамдар кармалган. Азербайжандын прокуратурасы билдиргендей, алар кармоо учурунда жана алып баруу маалында катуу токмоктолуп, сабалган.

Орусия тарап бул адамдар 2001, 2010 жана 2011-жылдардагы буйрутма менен жасалган киши өлтүрүүгө шектелип кармалганын билдирген. Бирок кармоо учурунда Сафаров бир туугандар каза болуп, дагы бир нече адам ооруканага жеткирилген. Бул окуя Баку менен Москванын мамилесинин кайрадан чыңалуусуна алып келди.

Азербайжанда орусиялык маданий иш-чаралар токтотулуп, Баку шаарындагы Орусиянын «Спутник» агенттигинин кеңсесинен эки кызматкер кармалганы тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй, Азербайжанда 10 орусиялык жаран кармалганы айтылды.

Екатеринбургдагы сот Сафаров бир туугандар менен байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Азербайжан тектүү дагы эки адамды камакка алды: Бакир Сафаров жана Ахлиман Гянджиев. Сот алардын камак мөөнөтүн 19-июлга чейин белгиледи.

Ошондой эле Аяз, Акиф жана Мазахир Сафаровдор 29-июнда чейин камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: