super.kg logo

Ош шаардык төрөт үйүнүн кошумча имараты пайдаланууга берилди (фото)

 

Ош шаардык төрөт үйүнүн кошумча имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы имарат төрөт үйүнүн аймагында жайгашканы менен жеке тараптар оорукана катары пайдаланып келген. Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев төрөт үйдө орун жетишсиздигинен улам эне-бала палатадан сыртта каралып жаткандыктан, имаратты кайтарып алып, жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ара төрөлгөн ымыркайлар жана гинекология бөлүмү катары ачуу тапшырмасын берген.

Тапшырмага ылайык имарат толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов жана төрөт үйүнүн кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Аны менен катар төрөт үйүнүн айланасы толук оңдолуп, көрктөндүрүлдү. Мында атайын ата-эне-бала эстелиги орнотулуп, ооруканага чыгуучу тепкичтер жана айланасы мрамор таштар менен коздолуп жасалган. Буга чейин жолго асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: