Жеңишбек Токторбаев Ош шаарында дагы бир сейил бакты ачты




Ош шаарында О.Акимбаев көчөсүндөгү «Ферас» бассейнинен А.Навои багына чейинки аралыктагы каралбай турган аймактагы эс алуу жайынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору маалымдайт.
Маалыматка ылайык, ачылуу аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Мында эс алуучулар үчүн амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн сквер, оргумалар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.