super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албайбыз" 

 

Бүгүн, 5-июлда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, орус тилдин Кыргызстандагы орду жана Орусиянын лидери Владимир Путин билдирген ыраазычылык тууралуу айтып өттү.

Анын айтымында, орус тили кыргызстандыктарга эмес, тескерисинче, коомчулук орус тилине муктаж.

"Орус тили бизде расмий тил деп баш мыйзамыбызда белгиленген. Бул тилди биз колдоп келе жатканыбыз үчүн Владимир Владимирович ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилдин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мисалы, КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коёюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте, биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус, англис тилин да билишибиз керек. Дүйнөнүн тең жарымы ушул эки тилди колдонушат. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз 3-4 тилде сүйлөп жатышпайбы. Көп тилдерди билген жакшы да. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барба эркин жүрөсүң", - деп билдирди өлкө башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: