super.kg logo

Түркияда зоопарктан арстан чыгып кетип, жергиликтүү тургунга кол салды (видео)

 

Түркиянын түштүгүндөгү зоопарктан арстан чыгып кетип, жергиликтүү тургунга кол салды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.

Зевс аттуу арстан түн ичинде Land of Lions зоопаркынан чыгып кеткен. Бул зоопарк Түркиянын белгилүү курорту Манавгат шаарында жайгашкан.

Бир нече сааттан кийин арстан 53 жаштагы Сүлейман Кырга кол салган. Тургун бактарын сугарып, көчөдө уктап жаткан.

"Бир үн угулду. Жамынып жаткан жуурканды көтөргөндө арстан мага секирди",- деп айткан Кыр.

Сүлейман Кыр башынан, ийининен жана буттарынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Полиция дрондор аркылуу арстанды токойлуу аймактан табышкан. Аны атып өлтүрүүгө туура келген. Учурда арстандын кантип чыгып кеткени белгисиз, бирок расмий тергөө иштери башталды.






Түркияда зоопарктан арстан чыгып кетип, жергиликтүү тургунга кол салды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: