super.kg logo

Израил аскерлери Йеменге чабуул жасашты (видео)

 

Бүгүн, 7-июлда Израил армиясы хуситтер көзөмөлдөгөн Ходейда, Рас-Иса жана Ас-Салиф портторуна, ошондой эле Рас-Канатиб электростанциясына жана Galaxy Leader аттуу мурда басып алынган кемеге сокку урганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Израил армиясы хуситтердин террористтик режими көзөмөлдөгөн аскердик объекттерге сокку урду. Хуситтер бул порттор аркылуу Иран режиминен курал алып келип, аны Израилге жана анын өнөктөштөрүнө каршы террористтик чабуулдар үчүн колдонуп жатышат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Galaxy Leader кемеси, Израилдин маалыматына караганда, 2023-жылдын ноябрында хуситтер тарабынан басып алынган. Андан бери алар кемеге радар системин орнотуп, аны Кызыл деңиздеги кемелерди байкап туруу үчүн колдонуп жатышкан.

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац бул чабуулдар Йемендеги хуситтердин террористтик инфраструктурасын жок кылуу боюнча операциянын бир бөлүгү экенин билдирди.

Өз кезегинде хуситтер кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед Аль-Фарах мындай деди: Портторго, электростанцияларга жана жарандык объекттерге урулган соккулар калкка зыян келтирүүнү көздөйт жана аскердик максаттарга эч кандай тиешеси жок.”






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: