super.kg logo

Түркиянын президенти Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы чыр-чатакка комментарий берди

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы чыр-чатакка комментарий берип, болуп өткөн жагымсыз окуялар эки өлкөнүн мамилесине орду толгус зыян келтирбешине үмүттөнө турганын билдирди.

"Түркиянын Азербайжан менен да, Орусия менен да терең дипломатиялык жана стратегиялык карым-катнаштары бар. Биз чыңалууну жакындан байкап, сабырдуулукка чакырып жатабыз. Биздин эң чоң тилегибиз - болуп өткөн жагымсыз окуялар Орусия менен Азербайжандын мамилесине орду толгус зыян алып келбесин. Биз бул маселени чечүү үчүн жасалышы керек болгон конструктивдүү кадамдарга колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Биздин приоритетибиз жетиштүү согуштарга жана кагылышууларга күбө болгон аймакта кыйынчылык менен жетишилген стабилдүүлүккө доо кетире турган капыстан эскалацияларды болтурбоо",- деди ал.

Эске салсак, Орусия менен Азербайжандын ортосунда июнь айынын аягында дипломатиялык жаңжал чыккан. Ал азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү Екатеринбургда "адам өлтүрүү" ишинин алкагында кармалгандан кийин башталган. Кармалгандардын ичинен бир туугандар Гусейн жана Зияддин Сафаровдор каза болушкан. Алардын денесинен ур-токмокко алуу жана кыйноо издери табылганы маалымдалган. Буга жооп кылып азербайжан бийлиги ар кандай кылмыштарга шектеп Азербайжандагы орусиялыктарды камай баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: