Трамп Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча келишим келерки жумада ишке ашышы мүмкүн экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Газа секторунда ок атууну токтотуу келишими келерки жумада кабыл алынышы мүмкүн экенин айтты. Анын билдирүүсүнө караганда, ХАМАС Вашингтондун сунушуна “оң жооп” берип, азыр сүйлөшүүлөргө даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бирок Трамп белгилегендей, бул жараян туруктуу эмес жана күн сайын өзгөрүшү мүмкүн.
ХАМАС Египет менен Катар аркылуу өз жоопторун берип, келишимди ишке ашыруу механизмдерин талкуулоого даяр экенин билдирди. Алардын талаптарынын арасында – Израил аскерлеринин толук чыгып кетиши жана узак мөөнөттүү ок атууну токтотуу макулдашуусу бар.
Болжолдуу келишим 60 күндүк ок атышууну токтотууну жана зарыл болгон учурда аны узартууну камтыйт.
Эскертсе кетсек, 18-мартка караган түнү Израилдин коргонуу армиясы Газа секторуна аба соккуларын жасаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху бул операцияны кайра жандандыруу чечимин ХАМАС АКШ сунуш кылган ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планын четке каккандан кийин кабыл алганын билдирген.
Расмий түрдө Израиль менен ХАМАС ортосундагы ок атууну токтотуу режими 1-мартта аяктаган, бирок ошондон бери активдүү аскердик аракеттер болгон эмес. Ортомчулар эки тарапты сүйлөшүүлөргө кайтарууга аракет кылып жатышат.
Ошондой эле, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы операция баштап, аны жашыруун ядролук-аскерий программа жүргүзүп жатат деп айыптаган. Мунун жообу катары Иран ракета жана дрон соккуларын жасап, жаңжал күчөгөн.
Тараптар күнүнө бир нече ирет соккулар менен алмашып турган. Израил бийлиги Ирандын ядролук программасын жок кылмайынча кампанияны токтотпой турганын айткан. Ал эми Иран Израиль чабуулдарын токтотмоюнча жооп кайтара берерин эскерткен.
Ал эми 24-июнда 12 күнгө созулган согуштан кийин Израил менен Иран ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен.
