super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев: "Мамлекеттен алып, кайра ордуна эч нерсе бербегенди адатка айлантып алдык"

 

Бүгүн, 14-январда ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев стипендияны мыкты окуган студенттер гана алуучу өкмөттүн токтомуна каршы чыккандарга жооп узатты. Анын айтымында, мурун стипендия 3 категорияда окугандарга аз өлчөмдөгү каражат менен берилип турган.

 “Мыкты окугандар 250 сом алышчу. Азыр 800 сом алышат. Бул акча жолуна гана жетет. Силер стипендия үчүн эмес, өзүңөр үчүн окуп жатасыңар. Биз таланттуу жаштар үчүн шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондуктан жалаң "5" деген баага окугандарга стипендия берүү маселесин карашыбыз керек. Өлкөнү өнүктүрүүнү билимден башташыбыз керек. Сингапур, Түштүк Кореядан үлгү алуу керек. Биз мамлекеттен алып, кайра бербегенди адатка айлантып алдык”,- деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: