УКМК өзүнүн мурдагы кызматкерин кармады
Бишкек шаарында алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөнгө шектелип Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 7-июлда маалымдады.
УКМКнын маалыматына караганда, борбордун Щербаков көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде Түштүк Азия мамлекеттеринин биринен келген 20 чет элдик жарандын жашап жана иштеп жүргөндүгү белгилүү болгон.
"Аталган адамдар өлкө аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөнү аныкталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, имараттын ижарачысы өзүн улуттук коопсуздук органдарынын учурдагы кызматкери катары тааныштырган жаранга – эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана компетенттүү органдар тарабынан мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн "жаап-жашыруу үчүн" олуттуу суммадагы акча каражатын өткөрүп бергендиги аныкталган.
Аталган жаран УКМКга эч кандай тиешеси жок экендиги, мурдараак аталган органдан иштен бошотулгандыгы аныкталган. Ошого карабастан ал жабырлануучу тарап менен байланышты улантып, берген убадаларын аткарууну кечеңдетип, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ынандырып жүргөн",- деп билдирди УКМК.
Анда ишкер менен шектүүнүн ортосунда акча каражаттарын жарым-жартылай кайтарып берүү фактылары катталып, аудио жана видеоматериалдар менен тастыкталган. Кийинчерээк шектүү убадаларын толук аткарбай, баарлашуудан баш тарткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Шектүү 2-июлда Бишкекте кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
07.07.2025
