Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды
Бүгүн, 7-июлдан тарта Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймыл үчүн жабылды.
Калаа бийлиги аталган бүлүктө ондоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Ага ылайык, бул жылы Ахунбаев көчөсүнүн 7-Аперль көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, былтыр, 2024-жылы Ахунбаев көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.