super.kg logo

Мирбек Атабеков башкы ролдо ойногон “Талисман” тасмасына кастинг жарыяланды

 

“Талисман” тасмасына тартылуу үчүн бир ымыркай жана бир чоң үй-бүлөгө кастинг жарыяланды. Бул тууралуу тасманын өкүлдөрү кабарлады.

Алардын айтымында, фильмдин айрым эпизоддору калды. Тасмага 2-3 айлык ымыркай жана кыргыз улутундагы байбичелер, келиндер жана неберелери көп бир чоң үй-бүлө керек. Каалоочулар 0(555) 70-71-01 номуруна байланышка чыгышса болот. 

Эскерте кетсек, аталган фильмде ырчы Мирбек Атабеков менен бильярд боюнча Дүйнөнүн чемпиону Каныбек Сагынбаев башкы ролду жаратышса, тасмадагы баш каармандын образын Айжамал Жакеева ачып берген. Тасманын режиссёрлору - Талгат Асыранкулов жана  Жакен Чотой. Фильмде каармандар сүйүү менен акчага байланышкан оор сыноолордон өтүшөт.

Жогорудагы тасма 2014-жылдын февраль айында көрүүчүлөргө сунушталмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: