super.kg logo

Кытай Трамптын БРИКС боюнча айтканына жооп кылды

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын БРИКСке мүчө мамлекеттерге жана алардын өнөктөштөрүнө карата саясаты куру бекер экенин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин билдирди.

"Соода жана тарифтик согуштарда жеңүүчүлөр жок, протекционизмдин келечеги жок",- деген ал брифингде Ак үйдүн ээсинин БРИКСти колдогон өлкөлөргө 10 пайыздык тарифтерди киргизүү планына комментарий берип жатып.

ТАСС агенттиги Мао Пекин дайыма кысым жана мажбурлоо максатында тарифтерди өзүм билемдик менен колдонууга каршы болуп келгенин айтканын жазат. "Бул эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келбейт",- деп кошумчалаган ал.

Мао Нин ошондой эле БРИКС мамлекеттердин өнүгүп келе жаткан рыноктор менен өз ара аракеттенүүсү үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, бирикме блоктор аралык тирешүүнү козутууга умтулбай турганын билдирген.

Буга чейин Трамп БРИКСтин саясатын колдогон өлкөлөргө кошумча 10 пайыздык бажы алымдары киргизилерин эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: