Тез, ыңгайлуу, онлайн: MBusiness жеке ишкерлер үчүн бизнес-кредит сунуштайт
Биз сиздин эмгегиңизди жана күн сайын бизнесиңизге арнаган күч-аракетиңизди жогору баалайбыз. Сиз алдыга умтулуп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп, өнүгүүгө аракет кылып жатасыз. Ошол себептен, сизди колдоо үчүн MBusiness жеке ишкерлерге арналган онлайн-кредитти иштеп чыкты.
Сиз үчүн ыңгайлуу жана тез кредит
Биз үчүн эң башкысы — убактыңызды үнөмдөө. Эми банкка барбай эле, иш ордуңуздан жылбай туруп кредит алсаңыз болот. MBusiness сиз сыяктуу ишкерлер үчүн максималдуу ыңгайлуулук менен иштелип чыккан.
Кредиттин өзгөчөлүктөрү:
- Өтүнмөгө жооп болгону 1 мүнөттө
- Күрөө, кепил же кошумча маалымкаттар талап кылынбайт
- 200 000 сомго чейин каражатты онлайн түрүндө эсепке алуу.
- Колдонмо аркылуу башкаруу: графикти көрүү, төлөө, мөөнөтүнөн мурда жабуу
- Жылдык пайыздык чен — 22%, натыйжалуу чен — 25,71%
Эгер сизге 200 000 сомдон ашык керек болсо:
- 500 000 сомго чейин алуу мүмкүн
- Өтүнмөгө чечим — 1 мүнөттө
- 200 000 сомдон жогору сумма үчүн каражатты алуу жакынкы бөлүм аркылуу жүзөгө ашат. Бул коопсуздукту камсыз кылат жана кошумча кеңеш алууга шарт түзөт
Муздатуу мөөнөтү — коопсуз чечим үчүн
Кредит бекитилгенден кийин, чечимиңизди кайра карап чыгууга убакыт берилет:
- 50 000 – 100 000 сом: 4 саат
- 100 000 – 200 000 сом: 12 саат
Бул сизге шек саноолорду жоюп, туура чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Сиздин бизнес — колдоого татыйт!
Бул онлайн кредит — жөн гана акча эмес. Ал сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз. Биз сиздин салымыңызды жогору баалап, өнүгүүңүзгө жардам берүүгө даярбыз.
Ишти чоңойтууга даярсызбы? Өтүнмөнү азыр эле бериңиз!
MBANK – Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы
